Айдана Оторбаева Профессионал футболчулар ассоциациясынын директорлор кеңешинин төрайымы болуп шайланды

Айдана Оторбаева Профессионал футболчулар ассоциациясынын директорлор кеңешинин төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу ал өзү Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Айдана Оторбаеванын айтымында, бул күтүүсүз болгону менен жагымдуу болгон. «Бул күтүүсүз, бирок абдан жагымдуу болгонун мойнума алам, анткени жалгыз айым директор жана эң кичүүсү болгондуктан менин талапкерлигим эркек кесиптештерге “туура келбегендей” сезилди, бирок мен жаңылыпмын»,- деп жазды ал.