Айжан Анарбекова белбоо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду

Айжан Анарбекова белбоо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу “Манас” университетинин баракчасында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Айжан Анарбекова 24-27-ноябрь күндөрү Өзбекстанда өткөн 18-20 жаш курагындагы, 76 килограммга чейинки салмактагылар арасында өткөн белбоо күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта чемпион аталды. Ал буга чейин дагы бир топ эл аралык мелдештерде ийгиликке жетишкен.

Айжан Анарбекова “Манас” университетинин Спорт илимдери факультетиндеги Машыктыруучуларды даярдоо бөлүмүнүн үчүнчү курсунун студенти.