Айпери Медет кызы 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда жарым финалга чыкты

Архив

Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты.

Ал алгачкы беттешке Эквадордон барган спортчу менен чыгып, туше менен жеңишке жеткен. Анын кийинки атаандашы индиялык спортчу болду. Кыргызстандык 28 секунддун ичинде анын ийинин жерге тийгизди. Азырынча кийинки атаандашы аныктала элек.