Айпери Медет кызы алгачкы жолу Азия чемпиону болду

Айпери Медет кызы спорттук карьерасында алгачкы жолу Азия чемпиону аталды. Ал 76 килограммга чейинки салмак категориясында килемге чыгып, анда 6 спортчу 2 тайпага бөлүнгөн.

Медет кызы биринчи турда япониялык Юка Кагамини жеңсе, экинчисинде индиялык Судеш Кумарини мөөнөтүнөн мурда жеңип алган. Жарым финалдык беттеште кыргызстандык монголиялык спортчу менен беттешип, аны мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде утту. Финалда Медет кызынын атаандашы кайрадан япониялык Юка Кагами болду. Спортчулардын экинчи жолугушуусу да 5:2 эсебинде кыргызстандыктын пайдасына аяктады.