Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты

Бишкек шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы финалга ийгиликтүү чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Ал 76 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 8-апрелде чейрек финалдан баштады. Алгачкы беттешинде Кытайдын өкүлүн мөөнөтүнөн мурда туше менен утуп алды. Жарым финалда Кытай Тайбэйинин өкүлүн жеңип, финалга жолдомо алды. Ал эми финалда Монголиянын спортсмени Даваанасан Энх-Амар менен алтын медаль үчүн күч сынашат.

76 кг чейинки салмак категориясындагы финалдык беттеш 9-апрелде өтөт.