Айпери Медет кызы: «Чачыңарды эркектей болуп кырктырып», «Күрөшүп эмне кыласыңар?» деген сөздөрдү уктук»

“Бириккен күрөш дүйнөсү” эл аралык федерациясы Айпери Медет кызынын бир күнүн чагылдырган видео жарыялады.

«Мен күрөшкө жаңы келген 2014-жылы эң кичинекейи биз болчубуз. 14-15 жаштагы кыздар элек. Башында машыгуу кыйынга турду. Негатив айткан адамдар аябай көп болгон. «Кызсыңар күрөшүп эмне кыласыңар? Эркектей болуп, чачыңарды кырктырып» дешчү. Бирок биз ошол сөздөргө чыдадык. Азыр бизди колдогондор аябай көп»,- деди ал.