Айпери Медет кызы дүйнө чемпиондугунан кийин дүйнөлүк рейтингде 5-орунга түштү

Айпери Медет кызы Сербияда өткөн Дүйнө чемпиондугуна катышып, дүйнөлүк рейтингде 5-орунга түшүп калды.

Белграддагы турнирде кыргызстандык 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, биринчи беттешинде жеңилип калган. Жыйынтыктоочу протоколдо Медет кызы 17-орунду ээлеп, упай алган жок.

Медет кызынын активинде 85 миң упай бар жана ал 5-орунга түшкөн. Дүйнө чемпиондугунун алдында кыргызстандык 2-орунду ээлеген. Жылдын аягында ар бир салмак боюнча дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы үчилтикке акчалай сыйлыктар тапшырылат.