Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 килограмм салмак категориясында күч сынашкан Айпери Медет кызы финалга чыкты.
Финалга чыгуу үчүн болгон күрөштө кыргызстандык балбан украиналык Анастасия Алпееваны 10:5 эсебинде жеңди.
Алтын медаль үчүн беттеште кармашта анын атаандашы Эквадордун балбаны Генезис Вальдес болот.