Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде 4-орунга көтөрүлдү

WW 76kg - Aiperi MEDET KYZY (KGZ)

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде 4-орунга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтинг Норвегияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

Ослодо кыргыз балбан кызы 76 килограмм салмакта 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду. Бул жыйынтык 67 упай топтоого жана 5-орундан 4-орунга көтөрүлүүгө мүмкүндүк берди.