Айпери Медет кызы Хорватиядагы турнирге катышат

Айпери Медет кызы Хорватиядагы турнирге катышат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Айпери Медет кызы 76 килограмм салмактагылар арасында чыгат. Рейтинг топтоочу турнир 1-5-февраль күндөрү Хорватиянын борбору Загребде өтөт.

Буга чейин аталган турнирге Айсулуу Тыныбекованын да катышары маалым болгон. Тыныбекова 3-февралда турнирде 62 килограммга чейинки салмак ченинде беттешет.