Айпери Медет кызы Ислам тилектештик оюндарында алтын медаль жеңди

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Сауд Арабияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында алтын медаль тагынды.

Кыргызстандык спортчу чейрек финалда казакстандык Эльмира Сыздыкованы 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалда Медет кызы түркиялык спортчу Эльмира Ясинди жеңип, финалга өттү. Алтын медаль үчүн болгон беттеште Айпери нигериялык Дамола Ожону мөөнөтүнөн мурда жеңип, биринчи орунду ээледи.

Кыргызстандык 4 спортчу бул оюндарда алтын медаль жеңишти.