9-апрелде Бишкек шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы күмүш медалга татыды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Ал 76 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 8-апрелде чейрек финалдан баштаган. Алгачкы беттешинде Кытайдын өкүлүн мөөнөтүнөн мурда туше менен утуп алып, жарым финалда Кытайдын Тайбэйин 10:0 эсебинде ишенимдүү жеңген. Бүгүнкү 9-апрелдеги финалдык беттеште Монголиянын спортсмени Даваанасан Энх-Амар менен күч сынашып,мелдеш 4:2 эсебинде жыйынтыкталып, кыргыз балбаны күмүш медалдын ээси болду.