Айпери Медет кызы: «Машыктыруучулар «бир буттап жеңе аласың» дешти. Бир бутум менен күрөштүм»

Бүгүн, 9-октябрда Азия оюндарына катышкан спортчулар Бишкекке келишти. Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков жана Айпери Медет кызы оюн тууралуу пикирин айтышты.

«Башка Азия оюндарына караганда бул ирет Кыргызстан көп мелдаль алды. Абдан кубанычтамын. Жаш балдар медалга ээ болушту», — деди Айсулуу Тыныбекова.

Ал эми Жоламан Шаршенбеков да ийгиликтүү болгонун белгиледи. «Ар бир нерсенин өзүнүн кыйынчылыгы болот. Кыйынчылык болду», — деди ал.

Айпери Медет кызы Дүйнөлүк чемпиондукта жаракат алганын, машыктыруучулары менен Азия оюндарында күрөшпөйбүз деп чечкенин айтты. «Убакытты эсептесек, 15 күн бар экен. Ал жакка барганда машыктыруучулар «бир буттап ал кыздарды жеңе аласың» дешти. Мен бир буттап күрөштүм», — деди ал.