Айпери Медет кызы менен Акжол Махмудов Алматыдагы мелдеште алтын жеңди

Кыргызстандык спортчулар Айпери Медет кызы менен Акжол Махмудов эркин күрөш боюнча Алматыда өтүп жаткан эл аралык турнирде алтын жеңди.

Медет кызы бүгүн беттешке чыкты. Монголиялык спортчулар беттешке чыкпаганы үчүн Медет кызы жарым финалда күч сынашты. Ал жарым финалда Индиядан барган спортчуну 10:0 эсебинде жеңип, финалда атаандашын 17:6 эсебинде артта калтырды.

Ал эми Акжол Махмудов 1/4 финалда түркиялык спортчу, жарым финалда грузиялык спортчудан күчтүүлүгүн көрсөттү. Финалда ирандык балбан менен беттешип, 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.