Айпери Медет кызы менен Бекзат Алмаз уулу ар бири 750 миң сом менен сыйланды

Кечээ, 22-декабрда Бишкек шаарындагы “Жаштык” кичи аренасында чоңдор арасында грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын ачылышы болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Хорватияда өткөн спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген спортсмендерге жана машыктыруучулар курамына бир жолку акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бекзат Алмаз уулу — 57 килограммга чейинки салмак категориядагы эркин күрөш боюнча 2-орун 750 000 сом;
Айпери Медет кызы — 76 килограммга чейинки салмактык категориядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча 2-орун 750 000 сом;
Эрназар Акматалиев — 70 килограммга чейинки салмак категориядагы эркин күрөш боюнча 3-орун 500 000 сом;
Нурзат Нуртаева — 72 килограммга чейинки салмак категориядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча 3-орун 500 000 сом;
Асан Жанышов — 87 килограммга чейинки салмактык категориядагы грек-рим күрөшү боюнча 3-орун 500 000 сом;
Азат Мирахимов — эркин күрөш боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу (2-орун – Бекзат Алмаз уулу; 3-орун – Эрназар Акматалиев) 312 500 сом;
Эламан Догдурбек уулу — эркин күрөш боюнча курама команданын улук машыктыруучусу (2-орун – Бекзат Алмаз уулу; 3-орун – Эрназар Акматалиев) 250 000;
Нурбек Изабеков — кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу (2-орун – Айпери Медет кызы; 3-орун – Нурзат Нуртаева) 312 500 сом;
Нурдин Донбаев – кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын улук машыктыруучусу (2-орун – Айпери Медет кызы; 3-орун – Нурзат Нуртаева) 250 000 сом;
Уран Жузуп уулу — грек-рим күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу (3-орун – Асан Жанышов) 125 000 сом;

Азат Бейшебеков — грек-рим күрөшү боюнча курама команданын улук машыктыруучусу (3-орун – Асан Жанышов) 100 000 сом.

Бир жолку сый акы Министрлер кабинетинин кошумча каражат бөлүү тууралуу тескемесинин негизинде Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бюджетинен берилди.