Айпери Медет кызы менен Эрназар Акматалиев Азия чемпиондугундагы жеңиши үчүн канча акча алды?

25-марттан 30-мартка чейин Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпиондугунда байгелүү кайткан спортчуларга ыраазычылык билдирип, 1-орунга 200 миң сом, 2-орунга 150 миң сом, 3-орунга 100 миң сом тапшырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Эркин Тентишев билдирди. 

Бул мелдешке 25 өлкөдөн келген, жалпы 364 спортчу катышкан. Алардын ичинен төмөнкү балбандарыбыз ийгиликтүү кайтышты:

1-орунду алгандар:

Эрназар Акматалиев;

Айпери Медет кызы.

2-орун:

Орозобек Токтомамбетов;

Раззак Бейшекеев;

3-орун:

Калмира Билимбек кызы;

Ырыскелди Максатбек уулу.