Айпери Медет кызы MUHAMET MALO-2026 рейтингдик турниринин жеңүүчүсү болду

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Тирана шаарында (Албания) өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча эл аралык рейтингдик турнирде алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
28-февралда кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери Медет кызы 76 кг чейинки салмак ченинде килемге чыгып, мелдештин бардык баскычтарында ишенимдүү жана үстөмдүк кылган күрөш көрсөттү. Ал 1/8 финалдан баштап, Казакстандын өкүлү Гулмарал Еркебаеваны 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди. Чейрек финалда болгариялык Ванеса Георгиева 10:0 эсебинде утса, жарым финалда Түркиянын балбаны Элмира Ясинди 14:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыкты. Финалда Айпери Медет кызынын атаандашы — дүйнөнүн учурдагы чемпиону, эквадорлук Генесис Реаско Валдезди 5:4 эсебинде жеңди.
Балбандар 2025-жылдагы дүйнө чемпионатынын финалында да беттешип, анда жеңиш эквадорлук балбанга буюрган. Бул ирет Айпери Медет кызы реванш алып, финалдык кармашта жеңишке жетишип, рейтингдик турнирдин алтын медалын тагынды.