Айпери Медет кызы Париждеги Олимпиада оюндарын ийгиликтүү баштады

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Париждеги XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарында алгачкы беттешин жеңиш менен баштады.

Спортчу 76 килограммга чейинки салмак категориясында катышууда. Биринчи беттешинде кытайлык балбан Вэнь Юань менен кездешип 4:1 эсебинде женип, 1/4 финалга чыкты. Медет кызы чейрек финалга чыгып, анда Ритика (Индия) — Бернадетт Наги (Венгрия) жубунун жеңүүчүсү менен беттешет.