Айпери Медет кызы Сербиядагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна барат

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтө турган күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна барат. Бул тууралуу ал Sputnik радиосунун эфиринде билдирди.

Анын айтымында, анда 23 жашка чейинки балбандар күч сынашат. Спортчу азыртан эле чемпиондукка активдүү даярданып жатат. Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмакта дүйнөлүк рейтингде 4-орунга көтөрүлгөн.