Айпери Медет кызы Түркияда өткөн турнирде алтын жеңди

Балбан Айпери Медет кызы Түркияда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду.

Yasar Dogu&Vehbe Emre турнири кечээ, 7-мартта Анталияда башталды. Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта күч сынашып, ага жалпысынан 13 спортчу катышкан. Кыргызстандык спортчу 1/8 финалдан баштап, Япониядан келген спортчуну утту. Андан кийин Орусиянын өкүлүн жеңди.

Жарым финалда кыргызстандык кыз Монголиянын спортчусун жеңип, финалда казакстандык спортчуга караганда күчтүү болду.