Айпери Медет кызы Түркиядагы турнирде алгачкы атаандашын жеңди

WW 76kg - Aiperi MEDET KYZY (KGZ)

Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча эл аралык турнирди ийгиликтүү баштады. Ушул күндөрү Стамбулда Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan турнири өтүп жатат.

Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/8 финалдан баштаган. Алгачкы беттеште кыргызстандык Орусиянын өкүлү менен беттешип, 10:0 эсебинде жеңишке жеткен. Медет кызы чейрек финалда орусиялык Екатерина Букина болмокчу.