Айпери Медет кызынын Хорватиядагы рейтингдик турниринде биринчи атаандашы белгилүү болду

Хорватиянын борборунда өтүп жаткан Zagreb Open рейтингдик мелдешинде кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызынын (76 килограмм) биринчи атаандашы белгилүү болду.

Айпери Медет кызы кармашты 1/8 финалдан бүгүн, 4-февралда баштайт. Анын бул мелдештеги алгачкы атаандашы индиялык Киран Киран болот. Алгачкы кармаштар саат 15:00до башталат. Мелдешти uww.org сайтынан түз эфирде көрүүгө болот.

Мелдеш 1-февралда башталган, 5-февралда жыйынтыкталат.