Айсулуу Тыныбекова АКШда кезектеги мастер-класс өткөрдү (видео)

WW 62kg - Aisuluu TYNYBEKOVA (KGZ) df. Nonoka OZAKI (JPN)

Күрөш боюнча дүйнөнүн учурдагы чемпиону Айсулуу Тыныбекова АКШда кезектеги мастер-класс өткөрдү. Сабак болочок балбандар үчүн Wrestle Like A Girl  мектебинде өттү.

«Кечээ мен дагы семинар өткөрдүм. Күрөштүн аркасында кыздар лидерлик сапаттарды көрсөттү. Жакында эле мен күрөш боюнча мастер-класс өткөрүп, позитивдүү эмоциялардын укмуштуудай зарядын алгам! Уюштуруучуларга жана алардын максаттарына биринчи жолу суктанып жатканым жок. Мындан ары да жаш таланттарды туура жолго сала беришет деп ишенем!” – деп жазды Тыныбекова социалдык тармактардагы баракчасына.

Like A Girl — бул кыз-келиндердин күрөшү боюнча көндүмдөрүн өнүктүрүү аркылуу кыздардын жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн иш алып барган уюм.