Азия чемпиондугу. Айсулуу Тыныбекова алтын үчүн күрөштө утулуп калды

Бүгүн, 22-апрелде Айсулуу Тыныбекова Монголияда өтүп жактан Азия чемпиондугунда алтын үчүн күрөшүп, атаандашына жеңилип калды.

Кыргызстандык спортчу 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан старт алды. Турнирдеги алгачкы беттеште учурдагы Дүйнө жана Азия чемпиону Монголиянын спортчусун жеңип, жарым финалда өзбекстандык спортчудан күчтүү болгон.

Финалда анын атаандашы япониялык Нонока Озаки болду. Кыргызстандык спортчу беттештин биринчи бөлүгүндө 1 упай алды. Буга атаандашынын активдүүлүк көрсөтпөгөнү себеп болду. Экинчи бөлүктө Тыныбекова бутунан жаракат алды. Беттеш 9:1 эсеби менен аяктады.

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатына 2011-жылдан бери катышып келет. Анын ичинен 7 жолу финалга чыкты.