Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиондугунун финалында

Айсулуу Тыныбекова Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда финалга чыкты. Кыргызстандык 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан старт алды.

Турнирдеги алгачкы беттеште учурдагы Дүйнө жана Азия чемпиону Монголиянын спортчусун жеңип, жарым финалда өзбекстандык спортчудан күчтүү болгон. Финалда анын атаандашы япониялык Нонока Озаки болмокчу. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.