Айсулуу Тыныбекова Баткенде жаш балбандарга күрөштөн сабак көрсөттү

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова кечээ, 11-декабрда Баткенде жаш балбандарга күрөштөн сабак көрсөттү. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Лейлек районуна караштуу Максат айылынын жана Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылынын тургундары, жаш спортчулар жылуу маанайда тосуп алышты. «Максат» орто мектебинин окуучулары жана айылдын тургундары менен жылуу баарлашып, жаштар спорт менен активдуу машыгып, аталган айылдан мыкты спортчулардын чыгуусун дагы бир жолу каалайм. Андан соң Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугуп, жаш спортчуларга жолуктум мастер класс өткөрдүм. Атайын Баткен тургундарынан кабар алып жана жаш спортчулардын спортко кызыгуусун дагы да өрчүтүүгө болгон аракетимди кылып салымымды кошкум келет. Күн сонун өттү. Сүрөткө түшөм деп ынтылган балдар-кыздардан тартып, ата-энелерди көрүп кубанычым койнума батпай турат», — деп жазды Айсулуу Тыныбекова.