Айсулуу Тыныбекова бүгүн 29 жашка толду

Кыргызстандык спортчу, Азиянын төрт жолку чемпиону, Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 4-майда 29 жашка толду. Анын күйөрмандары, достору, жакындары соцтармак аркылуу спортчу кызды куттуктап жатышкан чагы.

Тыныбекова 1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Интернеттеги маалыматтарга караганда, үй-бүлөдө бир туугандардын төртүнчүсү. Эки эжеси, агасы жана иниси бар.