Айсулуу Тыныбекова дагы бир жолу Азия чемпиону аталды

Айсулуу Тыныбекова Алматы шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү болду.

Ал 16-апрелде 62 килограммга чейинки салмак категориясындагы турнирде чыккан. Тайпалык этапта Тыныбекова Индия, Казакстан, Корея спортчуларын үч жолу жеңип, жарым финалга өттү.

Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык балбан өзбекстандык спортчу менен кез келип, аны жеңген.

Финалдык беттеште Тыныбекова Монголиянын спортчусу менен кез келип, 11: 0 эсебинде жеңишке жетип, алтын медалга ээ болду.

Бул Тыныбекованын чоңдор арасындагы Азия чемпиондугундагы төртүнчү жеңиши. Ал буга чейин Таиландда (2016), Индияда (2017) жана Кытайда (2019) өткөн турнирлердин жеңүүчүсү болгон.

Буга чейин Алматыда өткөн Азия чемпионатында Мээрим Жуманазарова дагы 68 кг салмак категориясында алтын медалга ээ болгон.