Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова финалга чыга алган жок.
Ал 62 килограммга чейинки салмак категориясында 1/8 финалдык баскычтан баштап күч сынашты. Биринчи кармашта дүйнөнүн учурдагы чемпиону болгариялык спортчуну жеңсе, 1/4 финалда немис балбанды жеңип, 1/2 финалга жолдомо алган.
Финалга чыгуу үчүн күрөштө Тыныбекова япониялык Нонока Озаки менен беттешип, 5:11 эсебинде жеңилип калды. Эми 13-сентябрда кыргызстандык коло үчүн күрөшөт.