Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиондугунда медаль ала алган жок

Сербияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова коло медаль ала алган жок.

Ал 1/8 финалдык баскычтан баштап 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Биринчи беттеште дүйнөнүн учурдагы чемпиону болгариялык спортчуну жеңди. 1/4 финалда германиялыкты жеңип алды. Финалга чыгуу үчүн күрөштө Тыныбекова япониялык менен кез келип, ага жеңилип калды. Финалдык 3-орун жана коло медаль үчүн болгон беттеште кыргызстандык кыз украиналык спортчу менен беттешип, ага жеңилип, финалдык 5-орунду ээледи.