Айсулуу Тыныбекова «Дүйнөлүк күрөш уюмунун» «Мыкты спортчу айым» наамына ат салышууда

Эркин күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн белгилүү балбаны Айсулуу Тыныбекова «Дүйнөлүк күрөш уюмунун» Инстаграм баракчасы аркылуу онлайн уюштурулган “мыкты спортчу айым” наамына ат салышууда. Буга чейинки баскычтарда бардык атаандаштарын басып өткөн балбан учурда финалда.

Финалдык баскычта «Рио-2016» Жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу, 2018-жылы Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында алтын медалга ээ болгон индиялык Винеш Пхогат менен ат салышууда.