Айсулуу Тыныбекова «Дүйнөлүк күрөш уюмунун» сурамжылоосу менен «Мыкты спортчу айым» аталды

Балбан Айсулуу Тыныбекова “Дүйнөлүк күрөш уюму” уюштурган онлайн сурамжылоонун жыйынтыгында “Мыкты спортчу айым” деп табылды. Сурамжылоого дүйнөдөгү эң алдыңкы 16 балбан катышып, анда Айсулуу Тыныбекова бардык атаандаштарын четте калтырып финалга чыккан.

Финалдык баскычта «Рио-2016» жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу, 2018-жылы Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында алтын медалга ээ болгон индиялык Винеш Пхогат менен ат салышкан. Натыйжада кыргыз балбаны 170 миң 989 добуш алса, индиялык атаандашына 121 миң 907 колдонуучу добуш берген.

Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасына «Кыргыз өлкөсү жеңди. Ар бирибиз жеңдик бүгүн. Кыргыз элиме ыраазычылык айтам. Ушундай ынтымактуу жана бекем элдин ичинде болгонума Кудайыма миң мертебе шүгүр. Эмне деп айтарымды билбей ыйлап жатам. Рахмат!” деген билдирүү жазган.