Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү.

Жаңыланган рейтинг Венгрияда өткөн рейтингдик турнирдин жыйынтыгына негизделген.

Будапештте Тыныбекова 1-орунду багындырып, алтын медаль тагынды. Бул жыйынтык кыргызстандык кызга 8000 упай алып келди. Азыр Тыныбекованын эсебинде 66075 упай бар жана 3-орундан 2-орунга көтөрүлүүгө жардам берди.