Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 4-орунга көтөрүлдү

Балбан Айсулуу Тыныбекова UWW дүйнөлүк рейтингинде 4-орунга көтөрүлдү.

24-февралда Египетте өткөн күрөш боюнча рейтингдик турнирде кыргызстандык спортчу алтын медаль тагынган. Бул жеңиш үчүн Тыныбекова 8000 упай алып, 62 килограмм салмакта 4-орунга көтөрүлдү.

Жалпысынан балбан 43075 упайга ээ. Бул салмак категориясында 1-орунду америкалык Кайла Миракл ээлейт.