Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты

Айсулуу Тыныбекова UWW версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турат. Жаңыланган рейтинг Анталияда (Түркия) өткөн эл аралык турнирдин жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

Тыныбекова бул турнирде 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, бардык беттештерин жеңип, алтын медаль тагынган.

Жаңыланган рейтингде Тыныбекова 58 миң упайга ээ болуп, 1-орунда. Ошондой эле алдыңкы үчтүктө Сакура Мотоки (Япония) жана Грэйс Якоб Буллен (Норвегия) бар.