Айсулуу Тыныбекова: «Дүйнөлүк спорт жылдыздары Кыргызстанда машыгууда»

«Ушул күндөрү өлкөбүздө кыргыз спортунун тарыхында биринчи жолу 10дон ашык өлкөнүн олимпиада, дүйнө, Европа чемпиондору жана жеңүүчүлөрү катышкан кыз-келиндер күрөшү боюнча окуу-машыгуу жыйыны өтүүдө». Бул тууралуу эки жолку Дүйнө чемпиону, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында күмүш алган Айсулуу Тыныбеков соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Мен бул иш чарага абдан кубанычтамын! Меймандарга биздин өлкө жагат деп ойлойм. Келечекте алар Кыргызстанга кайра келишет деген ишеничтемин. Биздин жаш спортчулар окуу-машыгуу учурунда чет өлкөдөн келген чемпиондор менен машыгууларды өткөрүп, алардын техникасын өздөштүрүп, жаңы билимге жана тажрыйбага ээ болушууда. Бул Кыргызстанда кыз-келиндер күрөшүн мындан ары өнүктүрүүгө жакшы колдоо болмокчу. Бул окуу-машыгуу жыйыны биздин команданын өзүнүн машыгуу залы болгондугу үчүн ишке ашууда. Ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берген президентке чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем», — деди балбан кыз.