Айсулуу Тыныбекова Египетте өтүп жаткан рейтингдик турнирде алтын медаль утту

Айсулуу Тыныбекова Египетте өткөн күрөш боюнча рейтингдик турнирде алтын медаль жеңди. Ал 62 килограммга чейинки салмак категориясында чыгып, 1/8 финалдык баскычтан старт алды.

Тыныбекова Франция, АКШ, Украинанын спортчуларын катары менен жеңип, финалга чыкты. Чечүүчү беттеште кыргызстандык Кытайдын спортчусу Сяожюан Луо менен беттешти.

Тыныбекова Хорватияда өткөн рейтингдик турнирде бул кытайлык кыз менен беттешип, 1/16 финалда 4:10 эсебинде утулуп калган. Бул жолу кыргызстандык реванш алууга жетишип, 3:2 эсебинде жеңишке жетип, турнирдин жеңүүчүсү болду.