Айсулуу Тыныбекова Египетте өтүп жаткан рейтингдик турнирдин финалына чыкты

Египеттин Александрия шаарында күрөш боюнча рейтингдик турнир өтүп жатат.

Бүгүн Айсулуу Тыныбекова беттештерге чыгып, жарым финалда украиналык балбанды жеңип, финалга чыкты.

Тыныбекова буга чейин Франция жана америкалык спортчуларды жеңип алган.