Айсулуу Тыныбекова экинчи ирет Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү болду

Айсулуу Тыныбекова Ислам шериктештиги оюндарында алтын медаль жеңди.

Тыныбекова 1/4 финалдан баштап, Казакстандын спортчусун 12:2 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда кыргызстандык Сенегалдын өкүлүн жеңип, финалга чыкты. Финалдык беттеште Гвинеянын өкүлү менен беттешип, 11:0 эсебинде жеңишке жетти.

2017-жылы да Тыныбекова Бакуда алтын медаль тагынган.