Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдин сап башында

Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде кайрадан биринчи сапка чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling сайты жазып чыкты.

Эл аралык федерация Токиодо (Япония) Олимпиада оюндары аяктагандан кийин дүйнөнүн эң күчтүү балбандарынын рейтингин жаңылады.

Рейтингге ылайык, 62 килограммга чейинки салмакта лидерликти дагы эле кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова кармап турат. Белгилей кетсек, биздин спортчу Олимпиадада финалда япониялык Юкако Каваиге утулуп, экинчи орунду ээледи. Ал мурда рейтингде төртүнчү орунду ээлесе, эми экинчи орунга көтөрүлдү.