Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты. Алтын үчүн күрөштө атаандашы ким?

Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты.
62 килограммга чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова 1/4 финалдык баскычтан баштап, анда Түштүк Кореядан келген Сюн Жо атту балбан кызды 6:0 эсеби менен алдыга чыгып келе жатып “туше” ыкмасын колдонуп таза жеңишке жетти. Жарым финалда монголиялык спортчуну 13:3 эсебинде жеңип финалга жолдомо алды. Ал эми чечүүчү финалдык беттеште япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашат.

Сакура Мотоки менен Айсулуу Тыныбекова 2023-жылы Белград шаарында (Сербия) өткөн Дүйнө чемпионатында кезигишип, жыйынтыгында кыргызстандык спортчу жеңишке жетип дүйнөнүн 3 жолку чемпиону болгон.