«До свадьбы заживёт!» Айсулуу Тыныбекова жаракат алган бутун көрсөттү (видео)

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова беттеште жаракат алган бутун көрсөттү. Ал социалдык тармактагы баракчасына видео менен бөлүштү.

Кечээ, 22-апрелде Монголияда өтүп жаткан Азия чемпиондугунун финалында япониялык спортчуга утулуп, күмүш байгеге ээ болгон. Беттештин бүтөөрүнө 1 мүнөт 39 секунд калганда Тыныбекова бутунан жаракат алып, беттешти аягына чыгара алган эмес. Сыйлоо аземине да өзү чыккан жок.

Ал видеосуна «до свадьбы заживёт» деген жазуу калтырган.