Айсулуу Тыныбекова кийинки Олимпиада оюндарына катышабы же катышпайбы азырынча бир чечимге келе элек

Бүгүн, 7-августта Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргызстандын намысын коргоо үчүн кеткен спортчулар кайтып келишти. Учурда спортчулар журналисттердин суроолоруна жооп берип жатышат.

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кийинки Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышабы же жокпу азырынча чече элек. Бул тууралуу ал маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Кыргызстандыктарга сөз берген үчүн Олимпиада оюндарында күмүш медаль алып отурабыз. Ал эми «Париждеги Олимпиада оюндарына катышамбы» деген суроо боюнча азыр менде эч кандай ой жок. Өзүнүздөр билгендей «алтын медаль алам» деп баргам, Алланын буйругу менен күмүш медаль алдым. Кийинки оюндар тууралуу команда, тренерлер менен отуруп сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Эгер бир чечимге келсем, сиздерге айтам»,- деди ал.