Айсулуу Тыныбекова: «Коло медаль аябай татаал, оор жол менен келди»

Олимпиада оюндарында коло медаль жеңген Айсулуу Тыныбекова жеңиши боюнча УТРКга комментарий берди.

«Ушул коло мага аябай татаал, оор жол менен келди десем болот. Коло медаль менен келгениме сыймыктанып жатам. Мага ишенип, колдоп жаткан кыргыз элиме ыраазычылык. Алардын аркасы менен бүгүнкү күнгө чейин күрөшүп келдик. Ата-энемди аябай сагындым», — деди ал.