Айсулуу Тыныбекова унаасын кримтөбөл Камчы Көлбаев белек кылганын ачыктады

Балбан Айсулуу Тыныбекова унаасын кримтөбөл Камчы Көлбаев белек кылганын ачыктады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Атын атаса куту сүйүнөт» дейт кыргызда. Бүгүн мени колдоп келген Камчы Көлбаев агам тууралуу жазгым келди. Мага берген белегин ачыкка чыгарууну туура көрдүм. Чын дилден жардам катары сунушталган белек үчүн ыраазычылык билдирем! 

2017-жылы Парижде өткөн Дүйнө чемпионатынан ийгиликтүү кайтып келгенде Toyota CHR үлгүсүндөгү жаңы унаа белек кылган. Чынын айтсам, ошол жылдары спорттук травма алып көңүлүм түшүп, кыйналып жүргөн кез болчу. Бул ийгилигимди жалгыз сиз баалап, кийинки бийиктиктерди багындырууга түрткү боло алдыңыз. Колдоо үчүн дагы бир ирет ыраазычылык айтам», — деп жазган ал.