Айсулуу Тыныбекова Күрөш федерациясынын вице-президенти болду

62kg WW - Aisuluu Tynybekova (KGZ)

Айсулуу Тыныбекова Кыргыз күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти болуп шайланды.

21-октябрда кезексиз шайлоо конференциясы өтүп, анын жыйынтыгы менен Тыныбекова вице-президенттикке шайланды.

Тыныбекованын айтымында, ал азыр федерациянын түзүмүнө кирет жана кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Буга чейин бул кызматты Динара Исаева аркалап келген.