Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы Азия чемпиондугунда күч сынашат

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын Азия чемпиондугуна катыша турган курамы белгилүү болду.

Турнир 19-апрелде Улан-Батордо (Монголия) башталат. Кыргызстандын курама командасына башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков менен Байгазы Кенжебаевдин жетекчилиги астында 3 спортчу кирди. Кыргызстандын курама командасынын курамы:

  62 килограммга чейин — Айсулуу Тыныбекова;

  68 килограммга чейин — Мээрим Жуманазарова;

  76 килограммга чейин — Айпери Медет кызы