Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудовдун беттештери «Ала-Тоо» аянтында чоң экранда көрсөтүлөт

Бишкектин «Ала-Тоо» борбордук аянтында Токиодогу Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыккан Айсулуу Тыныбекова менен финалга чыккан Акжол Махмудовдун беттештери түз эфирде көрсөтүлөт. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Маданият, маалымат жана спорт министрлигинен тастыкташты.

Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалда латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешип, 8:0 эсебинде ири жеңишке ээ болгон, чейрек финалда Румыниянын өкүлү Криста Тунде Инчени да ишенимдүү түрдө жеңди. Эми Тыныбекова жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен кармашат. Жарым финалдык беттештер саат 15:15те башталат.

Ал эми Махмудовдун биринчи атаандашы тунистик Маафи Ладжед болгон, аны кыргызстандык 11:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда Махмудов азербайжандык Рафиг Гусейнов менен беттешип, 9:1 эсеби менен жеңишке жетип, жарым финалга чыкты. Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык Армениядан келген Карапет Чалян менен беттешип, финалга жолдомо алды. Алтын үчүн күрөштө анын атаандашы венгриялык Тамас Лоринц болмокчу.

Ошондой эле, бүгүн, 3-августта Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшөт. Мээрим алгачкы беттешин кечээ, 2-августта өткөргөн. Анын атаандашы болгариялык Мими Николова Христова болгон. Спортчу атаандашын 7:5 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өткөн. Чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудуду менен беттешип, бирок 2:3 эсебинде жеңилип калган. Ал эми нигериялык спортчу жарым финалда монголиялык спортчуну жеңип, финалга чыккан. Муну менен ал Мээримге жубатуучу беттеште коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берди. 3-августта жубатуучу оюндардын биринчи раундунда кыргызстандык балбан азербайжандык Элиса Манолова менен кармашып, жеңишке жетти. Эми коло медаль үчүн болгон беттеште Жуманазарова Монголиянын спортчусу менен беттешет. Аялдар арасында коло үчүн беттештердин башталышы Бишкек убактысы боюнча 17:55те болот.