Күрөш боюнча эл аралык мелдеш: Айсулуу Тыныбекова менен Жоламан Шаршенбеков алтын медалга ат салышат

Кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекова менен Жоламан Шаршенбеков Киевде өтүп жаткан Күрөш боюнча эл аралык мелдеште финалга чыгышты. Алар алдыда алтын медаль үчүн күрөшүшөт.

Айсулуу Тыныбекова Өзбекстандан келген атаандашын 10:0 эсебинде жеңип, финалга чыккан. Ал финалда украиналык Илона Прокопевнюк менен беттешет.

Ал эми Жоламан Шаршенбеков украиналык спортчуну 12:4 эсебинде жеңип, финалга чыккан. Ал финалда ирандык спортчу Али Нажетти менен беттешмей болду.

Буга чейин Мээрим Жуманазарова менен Үзүр Жусупбековдун алтын медалга ээ болгону маалымдалган эле. Ошондой эле мелдештин сайтында Назира Марсбек кызы менен Айпери Медет кызы күмүш, Бекболот Мырзаназар уулу коло байгеге арзыганы жарыяланган.