Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатына барып, чемпиондук титулун коргойт

Балбан Айсулуу Тыныбекова Норвегияда өтө турган күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына барат. Турнир 2-10-октябрь күндөрү Ослодо (Норвегия) өтөт.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер командасына 3 спортчу кирген. Алардын арасында дүйнөнүн учурдагы чемпиону Айсулуу Тыныбекова да бар. Учурда чемпионатка катыша турган балбан кыздар Ысык-Көлдө машыгууда.

Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер командасы:

— 62 килограммга чейин Айсулуу Тыныбекова;

— 68 килограммга чейин Мээрим Жуманазарова;

— 76 килограммга чейин Айпери Медет кызы.

28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Казакстанда өткөн Дүйнө чемпионатында алтын жана 2017-жылы Францияда өткөн мелдеште коло медаль тагынган. Ал Азиянын төрт жолку чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси.

Норвегияда өтө турган күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына Айсулуу Тыныбекованын атаандашы Юкако Каваи катышпайт. Ал Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында кыргыз балбанын жеңип, алтын медаль алган эле. Япониянын атынан 62 килограммга чейин салмак категориясында Нонока Озаки барат.